Биз тууралуу

«Дордой Плаза»
жаңы форматта

"Дордой Плаза" соода жана көңүл ачуу борбору - эки ири Ибраимов жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде, Бишкек шаарынын борборунда жайгашкан, жалпы аянты 70000 м2 ашкан көп багыттуу комплекс. Комплексте: соода галереялары, бизнес борбору, балдар үчүн оюн-зоок паркы, заманбап кинотеатр, 800 унаа үчүн көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ж.б орун алган.

"Дордой Плаза" соода жана көңүл ачуу борборунун биринчи объекти 2003-жылы ачылган жана азыркы күнгө чейин ийгиликтүү иштеп келет. "Дордой Плаза" СКАБ экинчи объектин пландоо 2008-жылы башталган. 2014-жылдан тартып курулуш жүргүзүлүп, 2018-жылы сентябрь айында "Дордой Плаза 2" соода жана көңүл ачуу борборунун салтанаттуу ачылышы өткөрүлдү.

Салт-санаалар жаңы форматта

Азыркы күндө "Дордой Плазанын" жалпы аянты 70 471м2, бул аянтта төмөнкүлөр бар:

- "Дордой Плаза 1" СКАБ;

- "Дордой Плаза 2" СКАБ;

- Бизнес борбору;

- көп кабаттуу унаа токтотуучу жай.

"Дордой Плаза" соода жана көңүл ачуу борборунда төмөнкү бренддерге таандык кийим, бут кийим жана аксессуарлар сатылган соода бутиктери бар: Calliope, Terranova, BrandsOutlet,Nike, Adidas, Joma, Li-Ning, Incanto, Эконика, Nursace, Alibi, Enrico Rosetti, Nature Republic, Euphoria, Sulpak электроника жана турмуш-тиричилик дүкөнү, "Фрунзе" азык-түлүк гипермаркети, балдар үчүн "Мамалак" оюн-зоок паркы, 8 зал жана IMAX, Dolby Atmos залдары бар "Cinematica" заманбап кинотеатры, көптөгөн кафе жана ресторандар, банк бөлүмдөрү ж.б.

200+

Дүкөн

800+

орундук унаа токтотуучу жай

+15

жыл рынокто

15000

кардар күнүнө

"Дордой Плаза" СКАБда бардык коопсуздук стандарттары сакталган:

- 12 эвакуациялык чыгуу,

- автоматтык өрт өчүрүү системасы

- үн менен билдирүү жасоо системасы

- тынымсыз видео байкоо жүргүзүү

- автоматтык түтүн жок кылуу системасы

Булар соода борборунун кардарлары жана алардын балдары үчүн коопсуздук кепили.

Биз Сиздер үчүн күн сайын саат 10:00 тартып 22:00 чейин кызматтабыз. Дордой Плазага кош келиңиздер!